Жалал-Абадда лицензиясыз 38 миң 62 бөтөлкө сыраны сатып жаткандар кармалды (видео)
Поделиться в:
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө кезектеги ири партиядагы лицензиясыз алкоголдук продукцияны тартып алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Тактап айтканда, Жалал-Абад облусунда лицензиясыз жана уруксат документсиз сатуу максатында мыйзамсыз сакталган сыранын кампасы аныкталды.
Ар кандай аталыштагы жана идиштеги 2 млн сомдон ашуун суммадагы 38 миң 62 бөтөлкө сыра тартып алынды.
Ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-licenziyasyz-38-mi-62-btlk-syrany-satyp-zhatkandar-karmaldy-video
Добавить комментарий ×