Жалал-Абадда лицензиясы жок спирт ичимдиктер кармалды
Поделиться в:
Жалал-Абадда лицензиясы жок спирт ичимдиктер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Жалал-Абад шаарында иш жүргүзүүгө тиешелүү лицензиясы жок спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Рейддин жүрүшүндө күмөндүү акциздик маркалар менен ар кандай идиштердеги жана аталыштардагы 2 млн сомдон ашык суммада алкоголдун 50 миңден ашуун бөтөлкөсү табылды.
Материалдар КРнын мыйзамына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-licenziyasy-zhok-spirt-ichimdikter-karmaldy
Добавить комментарий ×