Мыкты волейбол ойногон милиция кызматкерлерине Элмурза Сатыбалдиев сыйлык берди
Поделиться в:
Бүгүн 17-декабрда Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев тарабынан ыйгарылган «Кыргыз волейболуна 90 жыл» юбилейлик медалы өз ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.
Алар:
- Жалал-Абад ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги, түштүк региону боюнча волейбол федерациясынын президенти, спорттун чебери – Кылычбек Жолдошов;
- «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири, милициянын подполковниги, Жалал-Абад областынын волейбол федерациясынын президенти – Равшанбек Кожобеков;
- Жалал-Абад ОИИБнин КЧБнүн начальниги, милициянын майору, ИИМдин «Динамо» волейбол клубунун президенти, спорттун чебери – Кыялбек Орозалиев.
- Мындан сырткары Жалал-Абад ОИИБнин начальниги Кылычбек Жолдошов Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин директору Канат Аманкулов тарабынан «Ардак грамота» менен сыйланды.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-kyrgyz-volejboluna-90-zhyl-yubilejlikmedaly-tanshyryldy
Добавить комментарий ×