Жалал-Абадда жаш жигитти тоноого шектелген жарандар кармалды

9 сентября 2020 09:30 375 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад шаарында милицияга 25 жаштагы жаран кайрылып, уюлдук телефонун жана акчасын тоноп кеткенин билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 31-августтан 1-сентябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде бейтааныш эки бала жана алардын 20-25 жаш чамасындагы эки достору жабырлануучуга күч колдонуп, анын эркине каршы колун кайрып автоунаага салып, чет жакка алып барып ур-токмокко алып, көтөрүп жүргөн “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 4500 сом акчасын коркутуп тартып алып коюшкан.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Шектүүлөрдү аныктоо жана аларды жоопко тартуу максатында тергөө- ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп, анын натыйжасында Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана Жалал-Абад ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип Жалал-Абад шаарынын тургундары 1994-ж.т. А. Д. жана 1995-ж.т. Ш.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алынган маалымат боюнча аталган эки жаран ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турушат. Ал эми 6-сентябрда шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-kylmyshka-shekt-zharandar-karmaldy



Добавить комментарий