Жалал-Абадда кооптуу жерлерде жашап, көчпөй жаткан тургундар сотко берилет

21 февраля 2023 15:12 819 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган тургундарды коопсуз аймакка көчүрүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон,Сузак, Аксы,Ноокен райондорунда Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларында жалпы 1160 кожолук жер көчкү, таш кулоо, кар көчкү,сел каптоо коркунучу бар аймактарда күн өткөрүп келишүүдө.

“Аталган үй-бүлөлөргө КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык ӨКБнүн офицердик курамы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кооптуу аймакта жашаган тургундарды коопсуз аймакка көчүрүү аракеттери жүрүүдө.

Мамлекет тарабынан керектүү судаларды жана турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алып бирок дагыда коопсуз аймакка көчпөгөн үй-бүлөлөрдүн документтери чогултулуп сот органдарына өткөрүп берилет”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-koopsuz-zherlerde-zhashap-kchpj-zhatkan-turgundar-menen-sotko-berilet



Добавить комментарий