Жалал-Абадда гигиенаны сактабаган тилемчилерге айып пул салынды
Жалал-Абадда коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу максатында тилемчилерге рейд өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Жалал-Абад ШИИБи тарабынан коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алуу багытында коомдук жайларда тилемчилик менен алектенген жарандарга рейд өтүп, алардын жашаган жерлери текшерилди.
Анын жүрүшүндө 12 жаран балдары менен сырттан келишип, тилемчилик кылаары аныкталды. Алардын өздүктөрү такталып Ош облусунун Кара-Суу районуна тиешелүү кызматтардын коштоосунда, санитардык нормаларды жана жеке гигиеналык эрежелерди сактоо менен жеткирилди. Ал эми карантин мезгилин эске албай жарандардын чогулушуна жана убактылуу жашаган үйдүн санитардык абалы тиешелүү талапка жооп бербегендиги үчүн үйлөрүн ижарага берген атуулдарга айып пулдар салынды.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-koomduk-zhajlarda-tilemchilik-kylgan-zharandar-teksherildi
Добавить комментарий ×