Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди

10 января 2020 16:26 1894 Barometr
Поделиться в:
ok

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 10-январда саат 10:53тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди.

Жердин силкиниши Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол айылдарында 3 балл, Үч-Коргон жана Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 балл, Таш-Көмүр шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-kch-35-ballga-zhetken-zher-titiredi



Добавить комментарий