Жалал-Абадда турак үйдү терек басып калды

17 июня 2022 11:38 784 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда терек кулап үйдү басып калды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Ала-Бука районуна караштуу  Өрүктү  айыл өкмөтүнүн  Жой-Белент айылында 16-июль күнү кечки саат 20:00 чамасында  катуу шамалдын кесепетинен улам турак үйдүн үстүнө терек кулаган.

"Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук ӨКБнүн 1 офицери жана 3 куткаруучусу  тартылган.

Тактоо иштеринин натыйжасында, турак үйдүн чатырына 3 даана терек кулагандыгы аныкталган. Жергиликтүү тургундардын 1  экскаватор тартылып, теректер үйдүн үстүнөн алынды. Жабыркагандар  жок", - деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-katuu-shamaldan-ulam-turak-jd-terek-basyp-kaldy



Добавить комментарий