Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган кен казуучу компаниянын кызматкерлеринин абалы айтылды

17 февраля 2023 14:53 1614 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган төрт жарандын абалы туруктуу. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” маалымдайт. 

Маалым болгондой, Ала-Бука районуна караштуу  Штамберди участкасында "Фуголд Майниг" алтын казуучу фирмасына кар  көчкү түшүп, 4 кызматкер кар алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Аталган 4 жаран кен казуучу компаниянын кызматкерлери тарабынан чыгарылып, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда баарынын абалы туруктуу экени айтылууда.

Жерине  райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тийиштүү кызматкерлери тартылып, бирок Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кирофка авто унаа жолунун 45-чакырымына кар күрткү түшүп, автоунаа өтө албагандыктан туруктуу ордуна кайтышкан.

Кошумча маалымат берилет”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-kar-kchk-aldynda-kalgan-ken-kazuuchu-kompaniyanyn-kyzmatkerlerinin-abaly-ajtyldy



Добавить комментарий