Жалал-Абадда экинчи аял алган жаранга кылмыш иши козголду
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда экинчи аял алып, той берген адамга кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Сузактын тургуну жубайы менен ажырашпай туруп, экинчи аялга үйлөнгөнү, тоюнда биринчи келинчеги жана балдары аларды куттуктаганы тартылган видео июндун башында интернетке тараган.
Маалыматка ылайык, милиция бул фактыны Жазык кодексинин 179-беренеси («Эки жана андан көп аял алуу») менен каттап, сотко чейинки өндүрүш башталган. Шектүү азырынча комментарий бере элек.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда көп аял алууга тыюу салынган. Бирок, коомчулукта эки аял менен жашаган эркектер арбын экени талкууланып келет.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-ekinchi-ayal-algan-zharanga-kylmysh-ishi-kozgoldu
Добавить комментарий ×