Жалал-Абадда дүйнө кубогунан байгелүү келген спортчуну тосуп алышты

24 декабря 2020 17:02 2611 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бүгүн 24-декабрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинен А.Харлампиевдин элесине арналган күжүрмөн самбо мелдешинде байгелүү орунду багындырган Бектур Идирисовду тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ал КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасында эмгектенет. Милициянын ага сержанты Бектур Идирисов 18-19-декабрь күндөрү Москва шаарында өткөрүлгөн дүйнөлүк кубокто коло медаль уткан.

Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Жусупов, «Шумкар» АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири, милициянын подполковниги Равшан Кожобеков, Жалал-Абад шаарындагы «Динамо» спорт клубунун башкы машыктыруучусу, эл аралык даражадагы спорттун чебери Нурбек Самидинов жана спортчунун жакын туугандары катышышып, анын ийгилиги менен куттукташты. Дүйнөлүк мелдешке катышуу жана байгелүү орундарды багындыруу сыймык экендигин белгилешип, Кыргызстандын желегин мындан ары да дүйнөлүк аренада желбиретип жүрүүсүн каалашты.



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-djn-kubogunan-bajgel-kelgen-sportchunu-tosup-alyshty



Добавить комментарий