Жалал-Абадда дарыгерлер баш мээсине ок кирип кеткен бейтапка ийгиликтүү операция жасашты

10 февраля 2023 09:55 468 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда дарыгерлер башын ок кирип кеткен жаранга шашылыш операция жасалып, бейтаптын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу саламаттыксактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, бейтап башынын оң тарабына ок кирип, ачык жаракат менен ооруканага шашылыш жеткирилген. 

Кече, 9-февралда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын нейрохирургдары мээге шашылыш татаал операция жасашкан.

“Медицина илимдеринин кандидаты, аймактык оорукананын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Абдибайит Идирисов жана анын командасынын аркасы менен бейтаптын өмүрүн сактап калган. Бейтап башынын ачык жарасы менен келип түшкөн. Оң жактагы маңдай бөлүкчөсүндө мээ ичиндеги бөтөн нерсени (ок) ийгиликтүү алып чыгышкан. Операция ийгиликтүү өттү, бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланууда”, -деп айтылат маалыматта.  

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-darygerler-bash-meesine-ok-kirip-ketken-bejtapka-ijgilikt-operaciya-zhasap-mrn-saktap-kalyshty



Добавить комментарий