Жалал-Абадда бир нече күндүн ичинде 6 килограммдан ашуун баңгизат менен ок-дарылар алынды

25 февраля 2021 15:47 1186 Barometr
Поделиться в:
ok

Бир нече күндүн ичинде Жалал-Абад облусунан  6 килограммдан ашуун баңгизат менен ок-дарылар алынды. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы берген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусу боюнча баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө  багытталган «Транзит» аталышындагы ыкчам профилактикалык иш-чара уюштурулган.

“Жүргүзүлгөн «Транзит» атайын операциясынын натыйжасында Кара-Көл шаарынан аталган кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кармалып, андан кендир жыты бар 48 даана таңгакталган зат табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 465 грамм гашиш алынган.

 «Транзит» атайын операциясын жүрүшүндө башка баңги кылмыштары дагы аныкталган. Кыргыз Республикасынын 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо)  боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кара-Көл шаарында тинтүү иш-чараларын жүргүзүлгөн. Анын  натыйжасында МБКнын (Бажы кызматы) ыкчам кызматтык итти пайдалануу менен 1987-жылы туулган  О.Б. аттуу жарандын  сарайынан 88 граммды түзгөн «гашиш» жана «марихуана»  баңги каражаттары табылып алынган. Андан башка жыйырмадай сайсыз ок атуучу куралдын ок-дарылары алынган.

 Мындан тышкары, 2021-жылдын 19-февралында «Транзит» операциясынын жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан дагы башка фактысы аныкталган. МБКнын (Бажы кызматы) ыкчам кызматтык итин пайдалануу менен тинтүү иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында кара куурай өзгөчө жытына ээ зат табылып алынган. Алынган “марихуана” баңги затынын салмагы 6 килограмм 223 граммды түзгөн. Тинтүү иш-чарасы баңгизаттарды сатуучу С.Р. аттуу жарандын жашаган жери боюнча жүргүзүлгөн, ал азыркы учурда Ош шаарындагы ЖАМКнын  мекемелеринин биринде жазасын өтөөдө”, - деп айтылат маалыматта.

Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 6 килограммды 771 граммды түзгөн.

Аталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-bir-neche-kndn-ichinde-6-kilogrammdan-ashuun-bagizat-menen-ok-darylar-alyndy



Добавить комментарий