Жалал-Абадда августтан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Оштон табылды

10 ноября 2022 11:32 898 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда августтан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Жалал-Абад милициясына 43 жаштагы аял 14 жашар уулу авгутта үйүнөн качып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган.

“1979-ж.т. М.А. аттуу шаар тургуну кайрылып, август айынын орто ченинде 2008-ж.т. уулу белгисиз тарапка качып кеткен бойдон дайынсыз экендигин билдирген.

Бул маалымат Жалал-Абад милициясы тарабынан каттоого алынып, дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издөө иштери башталган. ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекция тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында 14 жаштагы бала Ош шаарында жүргөндүгү аныкталган. Ал Жалал-Абадга алынып келинип ата-энесине өткөрүлүп берилди”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-avgusttan-beri-dajynsyz-bolup-zhatkan-sprm-oshton-tabyldy



Добавить комментарий