Жалал-Абад облусунда бир суткада 25 кылмыш окуялары катталды

6 мая 2020 13:09 1072 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары боюнча комендатуранын Басма сөз кызматы билдирди. 

5-майдан 6-майга караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 25 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 6 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймакка тиешелүү. Белгилей кетүүчү жагдай катталган 6   кылмыш окуясынын ичинен 3 факты жасалма өткөрүү кагаздарын (пропуск)  колдонгондугу боюнча аныкталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.

Андан сырткары күндүзгү алдын алуу жана түшүндүрүү иштери менен катар коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 2993 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан – 9 атуул ШИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 112 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 100 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-3-fakty-zhasalma-tkr-kagazdaryn-koldongondugu-chn-karmaldy



Добавить комментарий