Жалал-Абадда июнь окуясы эскерилип, куран түшүрүлдү (Видео)

12 июня 2020 15:26 996 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад шаарына барып, 2010-жылдагы июнь окуяларынын 10 жылдыгына арналган иш - чарага катышып, андагы курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы  билдирди. 

Иш - чаранын алкагында “Санпа” монументине гүл коюлуп, маркумдарга багышталып куран окулду.

Каза болгондордун жакындарына көңүл айткан Төрага Дастанбек Жумабеков: “2010 - жылдын июнь окуялары эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эӊ азалуу жана кайгылуу окуялардын бири болуп калды. Ал күндөрдүн трагедиясы бүткүл кыргызстандыктардын эс - акылына жана жан дүйнөсүнө оор так түшүрдү. Окуя көптөгөн үй - бүлөлөрдүн тагдырын талкалап, миӊдеген адамдар баш - паанексиз, өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту. Андан бери 10 жыл өтсө да, окуяда курман болгон жана дайынсыз жоголгон адамдардын жакындарынын, бир туугандарынын арманы, кайгы - муӊу унутулган жок”, – деди. 

Эскерүү иш-чарасынын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин атынан каза болгондордун жакындарына берүү үчүн Өкмөттүн Жалал - Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана “Санпа шейиттери” биримдигине каржылык жардам тапшырды


Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-2010-zhyldyn-iyun-okuyalaryn-eskerip-kuran-okuldu



Добавить комментарий