Жалал-Абадда 13 факты аныкталып, 12 даана сайсыз ок атуучу курал алынган
16-марттан 21-мартка чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо жана ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү багытында жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, жалпы болуп – 13 факты аныкталып, 12 даана сайсыз ок атуучу курал жана 1 даана травматикалык тапанча алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетүүчү жагдай, жергиликтүү тургундар арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жакшы натыйжа берип, көпчүлүк учурда жарандар туура кабыл алышып, үйүндө чоң атасынан калып кеткен, же таап алышкандыктарын билдирүү менен ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен милиция кызматкерлерине тапшырган.
Ал эми жыл башынан бери ок атуучу куралга байланышкан – 54 факты аныкталган болсо, былтыркы жылы бул көрсөткүч – 51 түзгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-13-fakty-anyktalyp-12-daana-sajsyz-ok-atuuchu-kural-alyngan
Добавить комментарий ×