Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринен 70 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды
Поделиться в:
Жалал-Абад шаарындагы турак үйлөрдүн биринен 70 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматта жазылгандай, 14-январь күнү саат 15:16да облустук өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Акбаров көчөсүндө жайгашкан №4 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1949-жылы туулган В.Е. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Иликтөө жүрүүдө.
Добавить комментарий ×