Жалал-Абадда жана Ош облусунун аймактарында жер силкинди

12 ноября 2020 17:19 801 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда жана Ош облусунун аймактарында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 12-ноябрда саат 14:25те Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Сузак районунун Тосой, Жийде, Ор-Казган айылдарында 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Калмак-Кырчын, Салам-Алик айылыдарында 4 балл, Жалал-Абад шаарында 3 балл жана Ош облусунун Өзгөн шаарында, Мырза-Аке айылында 3,5 балл, Кара-Кулжа районунда 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oblusununda-ochogunda-kch-5-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий