Жалал-Абад облусунун башчысы эмнеге отставкага кеткени белгилүү болду
Поделиться в:
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу кызматткен кетти. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Сатыбалдиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып, ага өкмөт башчы 22-январда кол койгон.
Анын ордуна өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oblusunun-bashchysy-emnege-otstavkaga-ketkeni-belgil-boldu
Добавить комментарий ×