Жалал-Абад облусунда эшик, терезе чыгарган цех күйүп кетти
Поделиться в:
Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарында өрт кырсыгынан бир цех күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кечээ, Раззаков көчөсүндө жайгашкан эшик, терезе жасаган “Азия” цехинин 1802 чарчы метр аянты толугу менен күйгөн.
Адистер өрттүн чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгонун белгилешет.
Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында төрт өрт кырсыгы катталды. Адам өмүрүнө зыян келген жок.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oblusunda-eshik-tereze-chygargan-ceh-kjp-ketti
Добавить комментарий ×