Жалал-Абадда 12,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды (Сүрөт)

17 июля 2020 18:00 934 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад облусунда 12,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

 6-июлдан 12-июлна чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында “МАК-2020” операциясынын алкагында өткөрүлгөн «Кара-Куурай» аталышындагы атайын ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттар менен байланышкан 4 кылмыш аныкталган.

"ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ШРИИБдер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте жер-жерлерде баӊгизатын камтыган жапайы өсүмдүктөрү өскөн аймактарды аныктоо жана аларды жок кылуу максатында 105 атуулдан турган 8 жумушчу топ түзүлүп, 3,57 га жер аянтында өскөн, жалпы салмагы болжол менен 12,5 тонна жапайы кара куурай өсүмдүгү жок кылынды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында баӊгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүүсүнө каршы күрөшүү жана баңгичиликтин алдын алуу максатында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чаралар улантылууда.



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oblusunda-125-tonna-zhapajy-kara-kuuraj-zhok-kylyndy



Добавить комментарий