Жалал-Абад облустук ооруканасына уурулукка киргендер кармалды
Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Жалал-Абад облустук ооруканасынын жетекчиси Кумарбек Ботокараев арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Анда 2022-жылдын 7-январга караган түнү облустук оорукананын администрациясынын эшигин белгисиз кылмышкерлер бузуп кирип, бөлмөдөн 4 даана ноутбук, 1 даана термос, сейфтин ичинде турган 15 автоунаанын документтерин, 4 670 литр бензиндин жана 2 330 литр солярканын талондору уурдалганын билдирген.
Натыйжада облустук оорукана ири өлчөмдө материалдык зыянга учураган.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин "Уурдоо" негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын 3 тургуну 1989-ж.т. Б.З., 1990-ж.т. Ш.М. жана 1987-ж.т. Х.Х. кармалышкан.
Шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oblustuk-oorukanasyna-uurulukka-kirgender-karmaldy
Добавить комментарий ×