Жалал-Абад аймагындагы «Дашман» коругунда жергиликтүү тургундардын жаңгак терүүсүнө тыюу салынды

24 октября 2019 17:04 4078 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад аймагындагы «Дашман» коругунда жергиликтүү тургундардын жаңгак терүүсүнө тыюу салышкан. Бул тууралуу депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди

"Ал жерде жашаган жарандардын акыбалы кыйын, жаңгактан башка башка жарытылуу кирешеси деле жок. 

Ал маселени мурда эле көтөрдүм эле, азыркыга чейин чечилген жок. Кыш кирип калды, элдин экономикалык жана социалдык жагдайы жакшы эмес. Алар нааразы болуп турат.  Өкмөт жок дегенде 10 күн жаңгак терүүгө уруксат берүү маселесин чечип бериши зарыл", - деди Нышанов. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-ajmagyndagy-dashman-korugunda-zhergilikt-turgundardyn-zhagak-tersn-tyyuu-salyshkan



Добавить комментарий