Жала-Абаддагы Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, бетон тосмону жарып кетти

6 мая 2021 11:33 4385 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 5-майда Жалал-Абаддын эки районунда суу ташкыны катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

  Базар-Коргон районунун Кызыл-Үнкүр айыл аймагында  саат 10:00 чамасында Алтын-Кыя айылында Кызыл-Үнкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, жээктин баш тарабынан бетон тосмону сындырып, бекемделген жээктин аркасына суу өтүп ички чарбалык жолго жана бекемделген жээк коргоочу тосмолорго кооптуулук жараткан. Адам өмүрүнө жана турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

         Жерине Базар-Коргон райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана айыл аймагы тарабынан 1 экскаватор, токой чарбасынан 1 жүктөгүч, жеке менчик 2 Камаз жана 1 ЗиЛ тартылды.

         5-май күнү жеринде тактоо иштери жана калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бүгүн, 6-май күнү калыбына келтирүү иштери улантылат.

Ошондой эле Ноокен районунун Арал айыл аймагында  06:00 чамасында, Арал айылында Кара-Үнкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, коргоочу №2 дамбанын 40 метр аралыгын жеп баштаган. Адам өмүрүнө жана турак үйлөргө зыян келген эмес.

         Арал айыл аймагынын башчысынын 2021-жылдын 5-майындагы №80 буйругунун негизинде айыл аймагында “Өзгөчө кырдаал” жарыяланган.   

         Жерине КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы,  Ноокен райондук ЖК комиссиясы, ЖЧК “Чек-Сай” ишканасынан 2 жүктөгүч, 3 самосвал, Сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агенттигинин адистери тартылган.

         5-май күнү Сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агенттиги тарабынан дарыянын жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 18:30да жумуш толугу менен бүткөрүлгөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhala-abaddagy-kara-kr-daryyasynyn-degeeli-ktrlp-beton-tosmonu-zharyp-ketti



Добавить комментарий