Жал-23 кичи районунда шаар тургундары үчүн дагы бир сейил багы ачылды

22 октябрь 2018 10:35 943 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Борбордук Жал-23 кичи районунда дагы бир сейил багы ачылды. Бул жерге шаардык бюджеттен 3,5 млн сом бөлүнгөн. Сейил бакты көрктөндүрүү иш-чаралары эки айда бүттү.

Жакшы саамалыкта бирге болууга БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров келип, шаар тургундарын куттуктап, бардык жакшылыктарды каалап өттү.

«Бул башталышы гана! Инфраструктура боюнча, бөтөнчө сугаруу системалары боюнча биз иштерди дагы улантабыз. Шаар башчыларынын негизги маселеси тургундарга жана шаардын конокторуна комфорт менен жайлуулукту камсыз кылуу» — деп белгиледи БШК төрагасы.

Сейил бакты түптөө демилгеси үчүн Жал-23 кичи районунун тургундары Шатрин М.А., Дзюба В.А. жана Таштанбеков М.Д ардактуу грамоталар менен сыйланышты.

Жаныбек Абиров ошондой эле Ленин районунун акими Нурдин Тынаевге, МТБ 5тин башчысы Райым Жолдошевге, «Зеленхоз» МИнын өкүлдөрүнө жана «Жал ынтымагы» коомдук бирикмесине колдоо көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чарадан соң бардык катышуучулар бакчада сейилдеп, баарлашууда жакшы убакыт өткөрүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/zhal-23-kichi-rajonunda-shaar-turgundary-chn-dagy-bir-sejil-bagy-achyldy



Добавить комментарий