Жакынкы суткаларда жер шаарын күчтүү магниттик бороон каптайт
Кечээ, бүгүн 27- сентябрда башталган магниттик бороондун күчү күчөп G2 деңгээлинен G3 чейин курчуйт. 29-сентябрда акырындык менен G1 деңгээлине чейин төмөндөйт. Төрт күндөн кийин гана күндүн активдүүлүгү акырындык менен төмөндөйт. Өзүнүн күчтүүлүгү жана узактыгы боюнча бул 2019- жылы ичиндеги эң кубаттуу бороон болуп саналат. Сентябрь айы башталганда эле магниттик бороон менен башталган, бирок айдын аягына чейин кармалган мындай магниттик бороон болгон эмес. Мындай учурларда өзүбүзгө белгилүү болгондой организмде кан басымынын жогору же төмөн болушу, жүрөк кан тамырларынан жабыркагандар өтө этияттык менен кабыл алып, ден соолугуна өзгөчө көңүл буруулары керек. Күндүн терс нурларынан алыс болуп, магниттик бороон басаңдаганга чейин тиешелүү режимдерди сактоо талабы коюлат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhakynky-sutkalarda-zher-shaary-kcht-magnittik-burya-kaptajt
Добавить комментарий ×