Шарабидин Токтосунов: Садыр Жапаров менен бийликти кайраштырган чагымчылдарга ишенбегиле

7 сентября 2019 23:09 4039 Barometr
Поделиться в:
ok

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов саясатчы менен бийликтин ортосунда чагымчылык уюшулуп жатканына тынчсызданып, кайрылуу жасады.

Бул тууралуу ал өзү “Barometr.kg” сайтына билдирип, эмне максатта кайрылганын айтты.

Садыр Жапаровду бийлик башындагылардын номер биринчи душманы деген жана башка ар кандай аларды бири-бирине кайраштыруу максатын көздөгөн материалдар таратылып келген. Азыр да ошондой аракеттер болгону жатат. Коомчулукту буга ишенбегиле деген максатта кайрылуу жасадым. Садыр Жапаров кандай гана кайрылуу, же билдирүү кылбасын, ал бир гана мен аркылуу жасайт. Кандайдыр бир тапшырмасы болсо да биринчи мага айтат. Буга чейин бир далай жолу жарыя кылгамын. Бирок бир да жолу бирөөнү каралоо тапшырмасын берген жок”, дейт жактоочу Шарабидин Токтосунов.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaktoochu-toktosunov-sadyr-zhaparov-menen-bijlikti-kajrashtyrgan-chagymchyldarga-ishenbegile



Добавить комментарий