Жактоочу: «Азырынча Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыялаган жок»

15 октября 2019 11:03 1889 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев азырынча ачкачылык жарыялаган жок. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев  Barometr.kg маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, эгер Алмазбек Атамбаевди сотко катышууга мажбурласа, ачкачылык мурдакы президент жарыяларын билдирген.

Эске салсак буга чейин 11-14 октярбда  Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы сот отурумдары Алмазбек Атамбаев сотко келбегендиктен жылдырылып келген. Жактоочулардын маалыматы боюнча мурдагы президент бул сот отурумуна катышпастыгын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaktoochu-azyryncha-almazbek-atambaev-achkachylyk-zharyyalagan-zhok



Добавить комментарий