Жактоочу: «Алмазбек Атамабаев сотко жеткирели белгисиз»
Бүгүн 14-октябрды Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйын болот. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев Barometr.kg маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, сотко Атамбаевдин жеткирилер-жеткирилбеси белгисиз. 11-октябрда белгиленген Биринчи май райондук сотундагы баштапкы жыйынга Алмазбек Атамбаев келүүдөн баш тарткан. Ошондон улам сот 14-октябрга жылдырылган.
11-октябрда сотко мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева келишкен.
Эске салсак , Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген
Ссылка: https://barometr.kg/zhaktoochu-almazbek-atmabaev-sotko-zhetkireli-belgisiz
Добавить комментарий ×