Жакшы жаңылык. Бишкектеги баардык стационарлар убактылуу жабылды

28 августа 2020 15:48 772 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги күндүзгү жана түнкү стационарлардын иши токтотулду. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бүгүнкү күнгө карата күндүзгү жана түнкү бардык стационарлар убактылуу жабылды.

Жалпысынан стационарларга медициналык жардам алуу үчүн 103 миң 644 адам кайрылып, 72 376 адамга капельница коюлуп, 30 741 адам кеп-кеңеш алды, 513 адам ооруканага жаткырылды.

Стационарларда калкка 89 дарыгер, 128 медициналык айым, 42 санитар жана 35 ыктыярчы медициналык жардам берди.

"Пандемиянын мүмкүн болгон толкунуна даярдык көрүүдөбүз. Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы жана пневмонияга чалдыккандар кескин көбөйгөн учурга убактылуу жабылган стационарларды кайрадан иштетүүгө даярбыз", - деди шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева.

Ссылка: https://barometr.kg/zhakshy-zhaylyk-bishkektegi-baardyk-stacionarlar-ubaktyluu-zhabyldy



Добавить комментарий