Жакшы жаңылык! Акыркы сутка ичинде коронавирустан каза болгондор жок
Кыргызстан боюнча акыркы сутка ичинде COVID-19 илдети лабораториялык жол менен дагы 78 кишиден аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар
Бишкек - 23
Ош – 1
Чүй облусу – 10
Ош облусу - 3
Нарын облусу – 5
Ысык-Көл облусу – 11
Жалал-Абад облусу – 13
Баткен облусу – 12
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 78
Кыргызстанда коронавирус илдети башталгандан бери жугузуп алгандардын саны 44036 адамды түздү.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.
Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен айыгып чыгарылгандардын саны 9 медкызматкер.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3136 учур катталды, алардын ичинен 2496 медкызматкер айыгып чыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/zhakshy-zhaylyk-akyrky-sutka-ichinde-koronavirustan-ech-kim-kaza-bolgon-zhok
Добавить комментарий ×