ЖАКнын каза болгон кызматкерлеринин 18 баласына ай сайын 1000 сомдон стипендия берилет

26 апреля 2022 16:14 2482 Barometr
Поделиться в:
ok

2021-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жаза аткаруу кызматынын Ардагерлер кеңешинин демилгеси менен кызматтык милдеттерин аткарууда каза болгон Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү боюнча уникалдуу программа ишке ашырылган.

Мындай үй-бүлөлөрдөгү 6 жаштан 12 жашка чейинки 8 баланы ЖАК өз камкордугуна алып, «Инсандык Жардам» коомдук фондунун жардамы менен балдарга ай сайын 1000 сомдон  стипендия төлөп турууну уюштурган. Бул сумма аларга мектепти аяктаганга чейин төлөнүп берилет. Ал эми келечекте- ЖОЖдордо окуу мөөнөтүндө.да төлөнүү каралуда.

«Кечээ биздин балдар, алардын апалары жана Инсандык жардам өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуубуз болуп өттү, - дейт ЖАКнын ардагерлер кеңешинин төрагасы,  Алибай Нишанбаев. Анда  стипендианттардын санын көбөйтүү  боюнча макулдашууга жетиштик.  Башкача айтканда учурда он адамга көбөйттүк. Азыр үзгүлтүксүз материалдык жардам биздин кесиптештерибиздин 18 баласына берилет, - деп жыйынтыктады  А.Нишанбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaknyn-kaza-bolgon-kyzmatkerlerinin-18-balasyna-aj-sajyn-1000-somdon-stipendiya-berilet



Добавить комментарий