Жайыл районунда жигит туулган күндөн келе жаткан жолдо тоңуп өлгөн
Чүй облусунун Жайыл районунда 26 жаштагы жарандын сөөгү табылып, милиция анын өлүмүнүн болжолдуу себебин кабарлады.
Маалыматка ылайык, 9-февралда Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына Эриктүү айылына жакын жерден эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, каза болгон эркектин денесинен күч колдонуп өлтүрүлгөн белги табышкан эмес. Кийинчерээк каза болгон жаран Степное айылынын 26 жаштагы тургуну экендиги аныкталган.
“Каза болгон киши теңтуштары менен Кара-Балта шаарында досунун туулган күнүн өткөрүп, ичимдик ичишкен. Кайра келе жатканда ал ажатканага бараарын айтып, унааны токтотуп коюну суранган. Бирок кайра келген эмес. Көпкө чейин күтүп калган достору сыртка чыгып издеп таппай коюшкан. Эртеси жоголгон жигиттин агасы менен издөө иштерин улантып анын сөөгүн табышкан”, — деп жазылат маалыматта.
Соттук медициналык экспертизанын алдын ала божомолуна ылайык, 26 жаштагы жигит тоңуп өлгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhajyl-rajonunda-zhigit-tuulgan-kndn-kele-zhatkan-zholdo-lgn
Добавить комментарий ×