Суусамырда 7 чабан мал-жандыктары менен калышты, алар телефон аркылуу жардам сурашууда

13 сентября 2019 10:59 6374 Barometr
Поделиться в:
ok

12-сентябрь күнү 08:00дө КР ӨКМдин ыкчам тобу Урал жана авариялык куткаруу унаасы (АКУ) менен Сандык жайлоосунан 2 боз үйдү Биринчи Май айылынын Жолго тилкесине саат 13:00дө көчүрүшүп, ошондой эле 3 чабандын үй-бүлөөсүн Суусамыр а/а имаратына алып келишкен. 

Саат 16:00дө КР ӨКМдин ыкчам тобу АКУ унаасы менен Арамза жайлоосу көздөй чыгып кетип, Суусамыр а/а Тунук айылында жергиликтүү тургундун үйүндө түнөккө калышкан. 

Ал эми, 4 чабан 150 жылкысы менен Арамза жайлоосундагы күрткүдөн аман-эсен өтүшүкөндүгүн жана аталган жайлоодо болжол менен 7 чабан мал-жандыктары менен калып кеткенин телефон аркылуу кабарлаган. Көчүрүү иш-чаралары 13-сентябрь күнү улантылат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhajloodo-bolzhol-menen-7-chaban-mal-zhandyktary-menen-kalyp-ketkenin-telefon-arkyluu-kabarlagan



Добавить комментарий