Жайкы Азия оюндарында Кыргызстан алгачкы алтын медалын алды

25 августа 2018 03:05 1370 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште финалда кыргызстандык спортчу Төрөкан Багынбай уулу алтын байге алды. Бул туурасында Азаттык маалымат кызматы жазды. 

Багынбай уулу 24-августта жиу-житсунун не-ваза түрүнөн 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Багынбай уулу финалдык таймашка чейин ирандык, казакстандык, түркмөнстандык жана таиланддык спортчуларды жеңип алган.

Төрөкан Багынбай уулу алган байге Азия оюндарындагы Кыргызстандын эсебиндеги алгачкы алтын медал. Буга чейин Кыргызстандын спортчулары төрт күмүш, беш коло байге алышкан. Медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 21-орундан 17-орунга көтөрүлдү.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашууда. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhajky-aziya-oyundarynda-kyrgyzstan-algachky-altyn-medalyn-aldy



Добавить комментарий