Жади жана Лукастын уулу мыкты жигит болду

23 мая 2019 10:18 3412 Barometr
Поделиться в:
ok

Жади менен Лукастын сүйүүсүнө бүт дүйнө күбө болгон. «Клон» сериалы Бразилияда экранга 2001-жылы чыгып, популярдуулукка ээ болуп, рекорддук рейтинг топтогон. Ошол мезгилдердеги Бразилия жана Мексика сериалдары боюнча долбоорлор Россия баштаган бир топ мамлекеттерди кызыктырган. Сериалды көргөнүбүз менен башкы ролдордогу Джованна Антонеллу жана Мурилу Бенисиунун ортосунда чыныгы сүйүү болуп жатканын эч ким билген эмес.

Актерлор бири-бирин сүйүп, Мурилу үчүн Джованна күйөөсүнөн кеткен. Алар бир нече жыл жашап, 2005-жылдын 24-майында Пьетро аттуу уулдуу болушкан. Анда экөөндөй бактылуу түгөйлөрдү табуу мүмкүн эмес эле. Тилекке каршы бала бирге толо электе экөө эки ажырым жолго түшкөн. Себебин эч ким билбейт.

Кийин Джованна америкалык ишкерге турмушка чыгып, ал жакка кетмекчи болот. Бирок Бенисиу баланы ал жакка алып кеткенге уруксат бербегендиктен той токтотулган.

Өз бактысын актриса режиссер Леонарда Ногейрден тапты. Алар эки кыздуу болушту. Ал эми Мурилу Бенисиу Джованно менен ажырашкандан кийин «Клон» сериялында Мэл аттуу кыздын ролун аткарган Деборо Фалабелло менен жашаган.

Пьетро таланттуу бала болуп чоңойду. Музыка менен алектенет. Ал апасына абдан окшош. Джованна өз күйөрмандары менен уулунун сүрөттөрүн бөлүшүп турат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhadi-zhana-lukastyn-uulu-mykty-zhigit-boldu



Добавить комментарий