Жаачы кыз Асланайым Ашированын сүрөтү Түркиядагы билбордго чыгарылды

22 июля 2019 11:03 1543 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаачы кыз Асланайым Ашированын сүрөтү Түркиядагы эл аралык спорт оюндарынын билборддорун кооздоп жатат. Бул тууралуу жаачы кыз өзүнүн Facebookтагы баракчасына маалымдады.

Анын айтымында, Түркиянын Келес жана Бурса шаарларынын комиссиясы анын “Кыргызстандын жаачылары жана чабармандары” деп аталган сүрөтүн Түркиянын эл аралык спорттук оюндарынын башкы билбордуна тандаган.

“Этно оюндар конфедерациясынын уюштуруу комитети мен чабарман же болбосо жаачы эмес, “кайдагы бир түшүнүксүз ыктыярчы” деп жоопкерчиликтен качып жаткан маалда Түркиянын Келес жана Бурса шаарларынын комиссиясы “Кыргызстандын жаачылары жана чабармандары” деп аталган сүрөттөгү Асланайым Ашированы Түркиянын эл аралык спорттук оюндарынын башкы билбордуна тандады. Кыргызстандын спортчуларын Түркия ушундайча баалап жатат”,-деп жазды  Асланайым Аширова.

Эскерте кетсек, март айында Эр-Рияд шаарында жаачы кыз бутунан жаракат алып оперция болгон. Сауд Арабиясында болгон көчмөндөр оюндарында ага байланышкан чатак чыккан.  


Ссылка: https://barometr.kg/zhaachy-kyz-aslanajym-ashirovanyn-srt-trkiyadagy-bilbordgo-chygaryldy



Добавить комментарий