Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзгөн шектүү жаран кармалды

9 марта 2020 20:13 919 Barometr
Поделиться в:
ok

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү  тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзгөн шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын  Басма-Сөз кызматы билдирди.

 2020-жылдын 2-марттында  болжол менен саат 11:30 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз автоунаа менен Садырбаев көчөсү менен түштүк тарапка баражатып, Семетей көчөсүнүн кесилишинен 2008-жылы туулган А.Б. аттуу жаранды сүзүп, кырсык болгон жерден  кетип калган.

Натыйжада жөө жургүнчү  жабыркап, №3 балдар  ооруканасына кайрылган.

 Ыкчам издөө  иш-аракетинин натыйжасында Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын  кайгуул кызматынын издөө  бөлумү тарабынан 2020-жылдын 7-марттында “Мазда” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1965-жылы туулган Э.Т. кармалып, Бишкек ш. ИИББнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

 Бул факт боюнча  Бишкек ш.ИИББнын тергөө кызматы тарабынан  Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү  рейсттине катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 155-беренесинин (Автомототранспорттук  каражаттардын кыймылынын жана аларды  пайдалануунун коопсуздук эрежелерин  бузуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды

Ссылка: https://barometr.kg/zh-zhrgnchn-szgn-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий