“Жөө күлүк” тасмасы Мароккодо эки сыйлыкка татыды

26 ноябрь 2019 10:58 6043 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кыргызстандык кино-режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө күлүк» тасмасы Марокконун борбору Рабат шаарындагы 24-Эл аралык автордук кино фестивалында (FICAR) 2 сыйлык алды.

Бул тууралуу тасманын продюсери Алтынай Койчуманова өзүнүн facebook баракчасына жазды.

Тасма “Калыстардын атайын сыйлыгына” татыса, актер Руслан Орозакунов “Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” сыйланды.

 Фестивалда көрүүчүлөргөн 40 өлкөдөн келген 70тен ашык тасма тартууланды. Рабаттагы автордук кино фестивалы 1994-жылы негизделип, жыл сайын өткөрүлүп келет.  

Ссылка: https://barometr.kg/zh-klk-tasmasy-marokkodo-eki-syjlykka-tatydy



Добавить комментарий