Ташкенттеги эл арадык марафондо эки кыргызстандык спортчу алтын медаль жеңип алды
Кыргызстандык спортчулар Дарья Маслова жана Мария Коробицкая Ташкентте өткөн эл аралык марафондо алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Маалым болгондой, марафон 28-мартта Ташкент шаарында өтүп, Маслова 21,1 км аралыкка чуркады.
Кыргызстандык спортчу Маслова биринчи орунду ээлеп, алтын медалга ээ болду. Үчүнчү орунду ушул эле аралыкка чуркаган дагы бир кыргызстандык Гүлшаной Сатарова жеңип алып, коло медаль тагынды.
Ал эми, Мария Коробицкая 42,1 км аралыкка чуркап, 2 саат 32 мүнөттүн жыйынтыгын көрсөтүп, биринчи орунду ээледи.
Ошондой эле, Олимпиада оюундарына лицензия ээси болгон Илья Тяпкин 42,1 км аралыкка чуркап, экинчи орунду алды.
Ссылка: https://barometr.kg/zh-klk-darya-maslova-tashkenttegi-el-aradyk-marafondo-altyn-medal-tagyndy
Добавить комментарий ×