Өзгөндө унаадан ок жеп каза болгон эки кишинин өлүмүнө шектүү кармалды

20 марта 2021 09:51 2663 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөндө унаадан атып кетип, ооруканадан каза болгон эки кишинин өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 19-март күнү Өзгөн шаарындагы эки жарандын өлүмү боюнча кылмыш иши ачылып, шектүүлөр издөөгө алынган.

“Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренесинин ( адам өлтүрүү) негизинде ачылган сотко чейини өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Өзгөн шаарында эки жарандын өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрушүндө Өзгөн шаарынын  тургуну, 24 жаштагы Х. А  шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда кылмышка шектүүнүн шериктерин кармоо боюнча тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кече, 19-мартта түн ортосунда Өзгөндө унаада олтурган үч кишини белгисиз адамдар келип, аткылап кеткени кабарланган. Кийинчерек октон жаракат алган үч кишинин экөө оорканадан каза болгону маалым болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-unaadan-ok-zhep-kaza-bolgon-eki-kishinin-lmn-shekt-karmaldy



Добавить комментарий