Өзгөндө окуучулар жаңы мектептен билим алышат. Жаңы салынган мектеп пайдаланууга берилди (сүрөт)

22 сентября 2020 16:37 937 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Алча-Башат айылынын № 86 Кысык-Алма орто мектебинин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мектептин ачылуу аземине Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышты.

“Кысык-Алма орто мектебинин 200 орунга ылайыкташкан жаңы имаратынын  курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 32 млн 700 миң  сом бөлүнгөн.  Мектептин ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Компьютердик классы бар. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда. Учурда мектепте 197 окуучуга 18 мугалим билим жана тарбия берүүдө”, -деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т.Оморкулов атындагы мектебинин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге)  курулушу башталды.

Аталган мектеп 1990-жылы курулган.  Мектептин 1-корпусу  2015-жылдын 17-ноябрдагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга кептелген болчу. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 54 млн сом бөлүнгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-okuuchular-zhay-mektepten-bilim-alyshat-zhay-salyngan-200-orunduu-mektep-pajdalanuuga-berildi-srt



Добавить комментарий