Өзгөндө Куршаб дарыясынын жээгинен 25 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды
Поделиться в:
Өзгөндө Куршаб дарыясынын жээгинен 25-30 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 24-декабрда Өзгөн районунда саат 16:05те Лесхоз айылында Куршаб дарыясынын жээгинде болжол менен 25-30 жаштагы аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Жерине КР ӨКМнин №53 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-kurshab-daryyasynyn-zheeginen-ayal-kishinin-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×