Өзгөндө үйгө муктаж 100 үй-бүлөгө турак-жай курулууда

29 мая 2020 18:44 903 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева менен депутат Сагындык Келдибаев Өзгөн районунун Куршаб айлында аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө салынып жаткан социалдык турак-жайлардын курулушунан кабар алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой курулуш иштери ушул жылы башталган. Бул үчүн Куршаб айылынын аймагынан 2.95 гектар жер бөлүнүп берилген. Учурда үйлөрдүн пайдубалынын курулушу жүрүп жатат. Социалдык үйлөр “Ас-Сафа” коомдук фонду тарабынан каржыланууда.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыз кылууда “Ас-Сафа” коомдук фондунун көмөгү чоң экендигин белгилеп: “Жакыр үй-бүлөлөргө социалдык колдоо катары турак-жай менен камсыз кылуу иштерин буга чейин аталган фонд Баткен, Чүй облустарында ишке ашырып келген. Эми минтип Өзгөн районундагы 100 үй-бүлөнү да үй менен камсыз кылып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деди.

Эскерте кетсек, курулуш иштери ушул жылдын күз айларына бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.


Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-jg-muktazh-100-j-blg-turak-zhaj-kuruluuda



Добавить комментарий