Өзгөндө батирге кирип, 50 миң сом урдоого шектүү жаран кармалды

18 ноября 2022 12:26 672 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөндө үйгө кирип, 50 миң сом уурдоо шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, урдоо фактысы 18-сентябрда болгон.

“Иликтөө иштеринин натыйжасында Кара-Кулжа районунун тургуну 29 жаштагы А.уулу С., аттуу экендиги аныкталган. Кылмышка шектүү Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин негизинде (уурдоо) кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Бул кылмышка шектүү төмөндөгү факты боюнча шектүү катары өтүп жатышат.

2022-жылдын 18-сентябрь күнү саат 09:00 чамасында Өзгөн РИИБге кабар келип түшкөн, анда Өзгөн районунун тургуну 1971-жылы туулган Б.Э., аттуу жарандын жашап жаткан батирине белгисиз жаран кирип, үйүнүн ичинен 50 000(элүү миң) сом акча каражаттарын уурдап алып чыгып белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкендигин билдирген.

Учурда мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө. Тергөө ууланууда”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-batirge-kirip-50-mi-som-urdoogo-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий