Өзгөндө атасы өз кызын үч ирет зордуктап, кыз кесерово жолу менен көз жарган

13 мая 2019 17:53 9772 14 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөн райондук соту 46 жаштагы Маджидге (аты өзгөртүлдү,М.М.М.) тагылган кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды.

Маджид 2018-жылдын июль айында, болжол менен саат 01:00дө Өзгөн районундагы Кош-Коргон айылында күч колдонуп, 9-класстагы окуучу кызды зордуктаган жана кыздын боюна бүтүп калган.

Айыпкер Маджиддин айтуусунда жабырлануучу кыз анын өзүнүн кызы. Аялы 2013-жылы оорудан каза болгон. Экөөнүн ортосунда 4 уулу жана 1 кызы болгон. 2015-жылы кайрадан үйлөнүп, бир жылдан соң ажырашып кетишкен. Ошол күнү ал аял менен жыныстык катышууну каалап, кызынын бөлмөсүнө адашып кирип алган жана каршылык көрсөткөнүнө карабастан эки ирет зордуктаган. Кызынын боюна бүтүп калгандыгын билген эмес.

Соттун токтомунда кыз кесерово жолу менен төрөп, бирок баладан баш тарткандыгы тууралуу айтылат. Кыз азыр кризистик борбордо жашап жатат жана эч ким менен сүйлөшпөйт. Аны сот залына дагы алып келе алышкан эмес.

Окуучу кыздын айтуусунда атасы аны өзүнүн бөлмөсүнө жетелеп кирип, диванга жаткызган. Сыйлап-сыйпоо менен анын кийимдерин чечиндирип, анан зордуктап салган. Ал эсин жоготуп койгон, атасы болсо ал түнү дагы үч ирет зордуктаган.  

Сот абийирсиз атага карата 12 жыл 6 ай мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасын берди.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-atasy-z-kyzyn-ch-iret-zorduktap-kyz-keserovo-zholu-menen-kz-zhargan



Добавить комментарий

  • Ушундай зордуктагандар акыркы кундору коп катталып жатат о кызын он гулудон бир гулу ачыла элек кызыны тагдырын талкалап жатат кантип ушундай ишке бараттар олум жазасына тартса да аздык кылат зордуктоого жазаны катуу бербесе кобойуп баратат бул корунштор оллум жазасына эле татыктуу
  • Надо вести закон!Химическая кастрация!
  • Барган сайын өз кызын зордуктаган аталар көбөйдү. Буларга атуу жазасын киргизсе жакшы болмок .Өз кыздарынын тагдырын талкалап жатышат акмактар.
  • Батырбек 5 лет назад
    Бир гана олум ушундай айбандарга.
  • Болгону 12 жыл бериптир. Аздык кылат мындай чочко мээлуу адамга омурун алса да аздык кылат . Жазасынан коркпогон
  • Соттолуп кайра чыкканда онолуп калбайт да ушундайларга башкача чара корулсо болмок.
  • 12жыл мамлекет багабы?жакшысы элге коюп берсин эл өзү беретжазасын.
  • Айбан десе. Өз кызынын тагдырын талкалаган ит.
  • неге 12 жыл ,сот мээн барбы ,акмак өмүр боюга кетсин ;өлүм жазасы жок болсо
  • Мындайларга олум жазасын киргизиш керек,таш баранга алып олтуруш керек
    • Өкмөт маңдай айбандарды бакбай эле атып салса эң сонун болмок ошондо тыйылмак.
  • Иий айбан да мындай ишке барбайт мисалы жылкы оз баласын эч качан карабайт болуп салат ал эми ушуну адам деп кантип айтууга болот таш баранга алып олтурсо мындай айбандарды
  • 12 жыл деген аз мындай зоокурго Оз башы менен кетсин акмак десе турмодон олтуруп эле койушсунчу мындай педофилди .