Өзгөндө айдоочу жол жээгинде мал кайтарып отурган 65 жаштагы аял кишини сүзүп кетип, жабырлануучу каза болду
Поделиться в:
Өзгөндө айдоочу жол жээгинде мал кайтарып отурган 65 жаштагы аял кишини сүзүп кетип, жабырлануучу каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, аталган райондун 1987-жылы туулган С.М. аттуу тургуну «Хонда Сабер» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жатып, рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен жолдун жээгинде кой жайып отурган аялды сүзүп алган. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болду. Ал эми айдоочу жаракат алып, Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилди.
Добавить комментарий ×