Өзгөндө 3 кишини аткылап качып кеткен кылмышка шектүү изделүүдө

19 марта 2021 09:29 643 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөндө адам өмүрүнө кол салган кылмышка шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, кече, 18-марттан 19-мартка караган түнү саат 03:35  чамасында Өзгөн райондук аймактык ооруканасына үч атуул ок атуучу куралдан денелеринен жаракат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

 Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9- пунктунун негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып тергөө иштери башталган.

“Алынган маалымат боюнча ыкчам тергөө тобу Өзгөн райондук аймактык ооруканасына барган учурда Өзгөн шаарынын тургуну 31 жаштагы  М. Ш,  өзүнө таандык болгон  “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү женил автоунаасында 21 жаштагы К, С  жана 31 жаштагы  А. А  менен биргеликте унаада олтурганда, белгисиз автоунаа батыштан-чыгышты көздөй жанына келип токтоп, белгисиз атуул тарабынан автоунаанын айдоочусунун орундугунда олтурган М. Ш жана алдынкы жүргүнчү орундугунда олтурган А.Ага жана арткы жүргүнчү орундукта олтурган К. Сга карата белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен ок атып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

 Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча курамында Ош ОИИБдин жана Өзгөн РИИБдин кызматкерлеринен турган ыкчам- тергөө тобу түзүлүп тийиштүү иш алынып барылууда. Тийиштүү экспертизалар дайындалды”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-3-kishini-atkylap-kachyp-ketken-kylmyshka-shekt-izdeld



Добавить комментарий