Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Аба фонары” фестивалына тыюу салды

17 мая 2022 13:36 845 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин четинде 21-майда “Аба фонары” фестивалын уюштуруучулар шаар сыртына чыгып, жаратылыш койнунда түндөсү 2000ден ашуун кытай фонарын абага коё бермекчи. Жалындаган фонарлардын фонунда сүрөткө түшүү сонун деңизчи!.. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Жаштарга өзгөчө позитив энер-гия, жаркын маанай тартуулаган менен аба фонарлары өзүнөн кийин жаратылышка, айлана-чөйрөгө кандай таасир калтырат? Фестиваль тууралуу мындай маалымат социалдык тармактарга тарап, шаар тургундары анын айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирлерине кабатырланууда.

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы жаратылыш койнунда болуп жаткан өрт кырсыктарын эске алуу менен асманга аба фонарларын коё берүү кооптуулугун маалымдайт! Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалындаган ачык от менен асманга фонарларды учурууга тыюу салат. Ачык от менен учкан фонарлар өрт кооптуулугуна жол ачат. 

Мисалга алсак, үйдүн шыбына, кургак чөбү бар бастырмага, жыгач курулуштарына, тоо койнундагы токойлорго, май куюучу станцияларга жана башка өрт коопсуздугу бар объекттерде түшүп, трагедия менен аякташы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” тууралуу 275-беренесинде өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбаган учурда же этиятсыз болуусунан өрттүн чыгышына алып келс кандай жазаларга тартылаары ачык жана так жазылган. 

Ошондуктан КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы массалык иш-чараларды ачык жагылган отту колдонуу менен башкарылбаган учуучу фонариктерди колдонууга жана учурууга тыюу салат!


Ссылка: https://barometr.kg/zgch-kyrdaaldar-ministrligiaba-fonary-festivalyna-tyyuu-saldy



Добавить комментарий